Кыргызстандагы чет өлкөлүктөр эми камсыздандыруу акысын 9 эсе көп төлөйт.
Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык,
өлкөдө убактылуу жүргөн чет элдик жарандардын учурдагы 3 пайыздык
камсыздандыруу төгүмү кыргызстандык жумушчулар төлөгөн 27,25 пайыздык
тарифке теңелет. Муну менен аларга кийин пенсиялык камсыздалуусуна бирдей укук берет.