Кыргызстанда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-ноябрда
саат 17:17де сезилген. Жер титирөө Жалал-Абад жана Ош облустарынын,
Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрское айылдарында 5 балл,
Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко,
Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт, Көк-Жаңгак айылдарында
4,5 балл, Жалал-Абад шаары, Масы, Сузак, Гелеген, Таран-Базар, Кара-Алма, Саты,
Жоон-Күнгөй айылдарында 4 балл, Майлуу-Суу, Өзгөн, Шамалды-Сай, Кара-Суу
айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча,
жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.