ЕРӨБ Лебединовка ГЭСин оңдоого каражат бөлүүнү көздөөдө

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Лебединовка ГЭСин оңдоого каражат бөлүүнү көздөөдө.

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, донор 13,5 миллион евродон ашык бөлөт.

Анын жарымы насыя, калганы гранттык негизде берилет.

Чиновник белгилегендей, Лебединовка ГЭСи өлкөдөгү эң эффективдүү чакан станциялардын бири.

Бирок техниканын эскилигинен объект толук кубаттуулукта иштебей жатат.

ГЭС оңдолуп калса, 20 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыздайт деп күтүлүүдө.