Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылы мекендештер 2 миллиард 756 миллион доллар которушту.
Бул 2020-жылга салыштырмалуу 379 миллион долларга көп. 2021-жылдагы статистика тарыхтагы рекорддук көрсөткүч болгон. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479 миллион доллар келип түшкөн.