«ПСЖ» клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе коронавируска кабылды.
Интерфакс басылмасы билдиргендей, Мбаппе футбол боюнча Франциянын курамасынан четтетилди.
Мындан улам ал Улуттар лигасынын Франция — Хорватия командалар ортосунда өтө турчу беттешке катышпайт.
Белгилеп кетсек, буга чейин «ПСЖ» клубунун оюнчулары Неймар, Леандро Паредес жана
Анхель ди Мария да коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон.