Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багын калыбына келтирүү иштери күн жылыганда уланат

Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багын калыбына келтирүү иштери күн жылыганда уланат. Мэриянын маалыматына ылайык, анда электр кабелдери тартылып, таман таштап төшөлүп баштады.

 

Жаздын келиши менен ирригация тармагы жаңыртылып, жаңы таштанды челектер жана отургучтар орнотулат. Горький эс алуу багын оңдоого каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.