Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы отставкага кетти

Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Хирокадзу Мацуно отставкага кетти. Буга чоң каржылык чатак себеп болду.

 

Тагыраагы, бийликчил партияда саясий кайрымдуулуктарды чогултууда каржылык отчеттуулук бузулганы аныкталган.

 

Бул жаңжал бийликтеги партиянын бир нече тобуна таасирин тийгизди. Алсак, Япония өкмөтүнүн рейтингинин рекорддук төмөндөшүнө алып келди.

 

Мунун айынан башкы катчыдан башка дагы бир нече министрлер кызматтан кетишти.