Дүйнө чемпионаты жана Азия Кубогунун алкагындагы Кыргызстан курамасынын беттештери кийинки жылга жылдырылды

2022-жылкы Дүйнө чемпионаты жана Азия Кубогунун алкагындагы Кыргызстан курамасынын беттештери кийинки жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

 

Оюндар ушул күздө өтмөк, бирок ФИФА жана АФК эпидемиологиялык абалды эске алып, аларды жылдыруу чечимин кабыл алды. Эске салсак, Кыргызстан F тайпасында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.