Көл жээгинде Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды

Көл жээгинде Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдештерге

жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн, КМШ, ШКУ мамлекеттеринен жана

Кыргызстандын облустарынан келген спортчулар катышат. Алар кол күрөш,

баскетбол, волейбол, жеңил атлетика, таяк тартыш, стол тенниси, аркан тартыш,

сууда сүзүү, кыргыз күрөш, жаа атуу, жээктеги футбол жана волейбол сыяктуу

23 спорттун түрү боюнча күч сынашат. Оюндар Бактуу-Долоноту айылында өтүүдө.