Кыргызстандык спортчулар коронавирус аныкталган өлкөлөргө
мелдеш жана машыгууларга жөнөтүлбөйт. Дене тарбия жана
спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мындай чара
туруктуу санитардык-эмидемиологиялык абалды камсыздоо,
вирус инфекциясын алдын алуу максатында. Ири спорттук
иш-чараларды өткөрүү Саламаттыкты сактоо министрлиги менен
макулдашылат. Кошумчаласак, буга чейин Бишкекте өтө турган
Хоккей боюнча 4-дивизиондук чемпионат жана Олимпиада
оюндарына жолдомо ойнотула турган күрөш боюнча
турнир дагы жылдырылганы маалым.