Кыргызстандык студент тарткан сүрөт эл аралык сынакта 1-орунду багындырды

Кыргызстандык студент тарткан сүрөт эл аралык сынакта 1-орунду багындырды.

Тыныстан Темиркан уулу Түркияда өткөн жаш журналисттер сынагына катышып,

«Фотоаппарат менен сүрөт тартуу» категориясында биринчиликти багындырды.

Кошумчаласак, Түркияда Журналисттер коому 30 жылдан бери эл аралык

сынак уюштуруп келет. Быйыл ал Стамбулда өтүп, дүйнөнүн ар кайсы

өлкөсүнөн 500 студент катышты.