“Реал Мадридде”16 жылдан бери ойноп келе жаткан Серхио Рамос клубдан кете турганын жарыялады.
Ушул айдын аягында Рамостун клуб менен келишими аяктап, тараптар аны узартышкан эмес. Серхио Рамос “Реал Мадридде” 2005-жылдан бери ойноп келет.
Мадриддик клуб менен 35 жаштагы футболчу беш жолу Испаниянын чемпиондугун, эки жолу өлкө Кубогун, төрт жолу Суперкубогун, төрт жолу Чемпиондор Лигасын жеңип алган.