Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында футбол аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Жалпы аянты 1000,8 чарчы метрди түзгөн курулуштун тендердик баасы 4 млн 349 миң сомду түзгөн.
Ал эми курулуш иштери 2023-жылдын күзүндө башталган.