Бишкекте абал таңга маал турукташты

Бишкекте абал таңга маал турукташты. Буга демилгечи топтордун, жарандык активисттердин, жаштар уюмдарынын жана ыктыярчылардын салымы чоң.

 

Алар түнү менен ордо калаа көчөлөрүндө кайгуул жүргүзүп, Бишкекти мародерчулардан, тоноочулардан жана митингчилерден коргошту.

 

Шаарда жашоо акырындап өз нугуна түшүп жатат. Учурда дарыканалар, нотариалдык конторалар ишин жандантты. Акча алмаштыруу жайлары дагы ачылды. “Тазалыктын” кызматкерлери таштандыларды чыгарып, көчөлөрдү жыйнап жатат. Борбордук көчөлөр тынч. Эл топтолгон жок.