Германиянын түштүгүндө жолдордогу муздан өзгөчө ыкма менен арылышууда

Германиянын түштүгүндө жолдордогу муздан өзгөчө ыкма менен арылышууда. Бул максатта туздалган бадыраңдын суусу колдонулуп баштады. Жол кызматтары буга чейин муз тонгон тилкелерге туз кошулган суу чачып келишкен.

 

Туздалган бадыраң чыгарган компаниянын жетекчиси жардамга келип, рассол сунуштады. Учурда сыноо ирээтинде 1 минден ашык чакырым трассага туздалган бадыраңдын суусу себилди. Бул 7 тонна тузду үнөмдөөгө шарт түздү.