Кыргызстандыктарга электрэнергияны үнөмдөө сунушталат. Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү буга чейинки жылдарга салыштырмалуу, кыйла аз. Адистердин эсептөөсү менен, октябрга карата резервуарда болгону 15 миллиард куб суу болот.
Бул 2017-жылга салыштырмалуу, 4,5 миллиардка жана былтыркыга салыштырмалуу, 2,5 миллиардка аз. Биринчи вице-премьер-министр Алмаз Бакетаев тиешелүү органдарга бюджеттик уюмдарга көмүр даярдоо боюнча тендерлерди өз убагында өткөрүүнү тапшырды.