Токтогул суу сактагычында эки жума ичинде суунун көлөмү 1 миллиард кубометрге көбөйдү

Токтогул суу сактагычында эки жума ичинде суунун көлөмү 1 миллиард кубометрге көбөйдү. “Электр станциялар” компаниясынын сайтында жазылгандай,  3-майга карата өлкөнүн башкы резервуарында 8,7 миллиард куб суу болсо, бүгүнкү күндө 9,7 миллиард кубга жетти.

 

Суунун келүүсү сутка ичинде чыгаша болгон көлөмдөн 3 эсе көп болууда. Мындай жакшы жыйынтык майдагы жаан-чачынга жана күн жылыганына байланыштуу, — дешет адистер.