Кыргызстандын 3 аэропортторундагы чектөөлөр дале күчүндө.
“Манас” эл аралык аба майдандын басма-сөз кызматынан эскертишкендей, “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунун аймагына жүргүнчүнү тосуп жаткандар жана узаткандар киргизилбейт.
Колунда учууга билети бар жарандар гана кире алат. Бул эпидемиологиялыяк абал курчуп кеткенине байланыштуу кабыл алынган чара.