Бийлик аэропортторду түркиялык компанияга башкарууга берүүдөн баш тартты

Бийлик “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропорттору боюнча түркиялык компания менен келишим түзүүдөн баш тартты.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров мунун себебин Кыргызстандын кызыкчылыгы толук камтыбагандыгы менен байланыштырды.

Эске салсак, өкмөт эки аба майданды түркиялык компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөп жатканы Жогорку Кеңеште маалым болгон.

Парламенттин айрым депутаттары стратегиялык объектилер жең ичинен белгисиз компанияга 39 жылга башкарууга берилип жатат деп сындап чыккан.