Кыргызстандыктарга ундун кымбатташына байланыштуу тынчсыздануунун кажети жок

Кыргызстандыктарга ундун кымбатташына байланыштуу тынчсыздануунун кажети жок. Материалдык резервдер фондунун жетекчиси Базарбай Мусабеков билдиргендей, соңку күндөрү калк арасында ундун баасы кымбаттагандыктан ажиотаж байкалууда.

 

Чиновник ишендиргендей, аймактардагы бардык сактоочу жайларда биринчи сорттогу ундун көлөмү жетиштүү. Анын бир килограммы 25 сомдон, 1 кабы 1 миң 250 сомдон сатылууда.

 

Өсүмдүк майынын орточо баасы литрине 90 сом. Өлкөдө азык-түлүктүн запасы жетиштүү, — деди Мусабеков.