Кыргызстандык Эмиль Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш байге ээледи

Кыргызстандык Эмиль Молдодосов оор атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш байге ээледи. Биринчилик Бахрейнде ушул күндөрү өтүп жатат. Молдодосов 86 килограммга чейинки салма категорияда чыгып, жалпысынан 361 килограммды багындырды.

 

Белгилеп кетсек, турнирге 25 мамлекеттен келген 187 спортчу катышууда.