Бишкекте «Спартак Бишкек» кичи футбол академиясы ачылды

Бишкекте «Спартак Бишкек» кичи футбол академиясы ачылды.

Бул тууралуу Футбол федерациясы билдирет.

Академиянын ачылышына «Спартак Москва»

кичи футбол академиясынын директору Александр Лихачев катышты.

Жаңы билим берүү мекемесинде 500дөн ашык спортчулар тарбиялануусу күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2017-жылдан бери кыргызстандыктар

россиялык «Спартак» кичи футбол клубу менен

Кыргызстанга филиал ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.