Кыргызстандын энерготармагы насыялар боюнча карыздар үчүн кризистик абалга келиши мүмкүн

Кыргызстандын энерготармагы насыялар боюнча карыздар үчүн кризистик абалга келиши мүмкүн. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Миргүл Айдарова билдирди.

 

Анын айтымында, быйыл 5 миллиард сом кайтаруу керек болсо, 2023-жылы бул сумма 9,5 миллиардка жетет. Карыздар көбөйүп кеткендиктен, мамлекеттик агенттик энергетикалык тармакка насыя алууга мораторий киргизүүнү сунуштап жатат.