CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу 2024-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда

CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу 2024-жылы жыйынтыкталат деп пландалууда.

 

Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, иштер толугу менен 2022-жылы аяктамак, бирок пандемияга байланыштуу кечигүүлөр болду.

 

Жер тилкелери менен суроо чечилди, бирок жабдууларды жеткирүүдө айрым кыйынчылыктар жаралды, — деди чиновник.

 

Эске салсак, CASA-1000 долбоору Кыргызстан жана Тажикстандын энерго системасын Афганистан, Пакистан менен байланыштырып, жайкысын электр энергиясын экспорттоого багытталган.