Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү

Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде атайын штаб түзүлдү. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, штаб коронавирустун жайылышына байланыштуу ачылды. Ал Кытайда жүргөн кыргызстандык жарандардан күнү-түнү телефон аркылуу билдирүүлөрдү жана кайрылууларды кабыл алат.

 

Ошондой эле алардын жакындарына да маалымат берилет. Ведомстводон белгилешкендей, Кытайдан мекендештерди алып чыгуунун түрдүү мүмкүнчүлүктөрү караштырылып жатат. Эске салсак, коронавирус  жапырт чыккан Ухань шаарынан  18  кыргызстандык өткөн жумада өлкөгө жеткирилип, ооруканаларга жаткырылды.

 

Аларда вирус катталган жок.