Кыргызстандын бардык маанилүү магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын бардык маанилүү магистралдары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аба-ырайынын начар шарттарына карабай, жол кызматтары трассаларды кардан тынбай тазалап, инерттүү материалдарды сээп жатат.

 

“Сосновка” жана “Кара-Көл” өткөрүү түйүндөрүндө министрликтин кызматкерлери жана жол инспекторлору унаалардын кышка даярдыгын текшерип жатат. Кышкы дөңгөлөктөрү жана тайгактыкка каршы шаймандары жоктор өтмөктөн артка кайтарылууда.