COVID-19 пандемиясынан улам ушул жылы мамлекеттик бюджет 30 миллиард сомго төмөндөшү ыктымал

COVID-19 пандемиясынан улам ушул жылы мамлекеттик бюджет 30 миллиард сомго

төмөндөшү ыктымал. Каржы миниистри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей,

мындай кырдаалга өлкөдө бизнестин токтогону себеп. Мындан улам бийлик

өкүлдөрү чет өлкөлүк донор жана өнөктөштөрдөн жардам сурашууда.

Инвесторлордон түшкөн каражат бюджет, экономика жана бизнестин бир нече

багытын колдоого жумшалат. Акчалар мамлекеттин каржы

туруктуулугун жөнгө салууга шарт түзөт, — деди Жээнбаева.