Кытайдан жеткирилген 120 автобус учурда бажы процедураларынан өтүп жатат

Кытайдан жеткирилген 120 автобус учурда бажы процедураларынан өтүп жатат.

 

Андан кийин “Унаа” мамлекеттик ишканасында каттоого алынып, линияларга чыгарылат, — деп 24 агенттигине Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Бишкек бийлиги автобустардын келиши менен борбордук бөлүк маршруттук таксилерден бошотулуп, бир гана автобус-троллейбустар жүрөт деп жарыялаган. Нусувалиев белгилегендей, бул максатта шаарга 1,5 миң транспорт керектелет.