Кыргызстанда быйыл туристтерди тейлөө үчүн 68 атайын эс алуучу жай ачылат. Маданият министри Азамат Жаманкулов билдиргендей, туризм тармагын өнүктүрүү иштери 3 багытта ишке ашырылат.
Бардык сервистер жеткиликтүү 68 rest point жайларын ачуу. Экинчиси – туристтик жайларга баруучу жолдорду оңдоо. Үчүнчүсү – туристтик маркетингге басым жасоо, дүйнөлүк каналдар аркылуу роликтер көрсөтүлүп, блогерлер чакырылып, road show өткөрүлөт, — деди Жаманкулов.