Ошто ондогон милиция нааразылыкка чыкты

Кечээ, 28-июлда түн киргенде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) Оштогу бөлүмүнүн 50дөй кызматкери мекеменин жетекчиси Айбек Жумагуловго нааразылык билдирип, милициянын кайгуул кызматынын имаратынын алдына чыгышты. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

 

Чогулгандар жетекчилик менен иштеше албай турганын айтып, Ички иштер министрлигине (ИИМ) жети пункуттан турган кат жолдошту. Алар министр Улан Ниязбековду бул ишке көңүл бурууга чакырышты.

 

Нааразылыкка чыккандар мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбай жатканын белгилеп, Жумагуловдун келишин талап кылышты. Эки саатка чукул турган кызматкерлерге жетекчи келген жок. Ош шаардык милициясынын башчысынын орун басары Акылбек Бекишов кызматкерлерге жолугуп, атайын комиссия ишти териштире тургандыгын айтты.

 

Ошто милициянын кайгуул кызматынын 200дөн ашуун кызматкери бар.