Ош облусунда күндүзгү стационарларда 1,5 миңден ашык орун даярдалды

Ош облусунда күндүзгү стационарларда 1,5 миңден ашык орун даярдалды.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, даярдалган жайлар пневмонияга чалдыккан жарандарга

ооруканаларда орундуктар жетпей калса жана медициналык жардам көрсөтүү

максатында пайдаланылат. Буга чейин облустун аймагындагы обсервацияда

2 миңге жакын орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 730 орун даяр.