Кыргызстанга мыйзамсыз дары ташып келе жаткандар кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан дээрлик 3 млн. сомдук дары каражаты кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Фактыны «Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери аныкташкан. Алар «А.Э.И» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун терминалындагы «Мерседес Бенс Actros» үлгүсүндөгү транспортту текшерген.

 

Натыйжада анда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 129,5 кг болгон 2274 куту «Regapen 300 mg» дарысы табылган.

Кармалган товардын орточо базар баасы 2 956 200 сомду түзөт.

 

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Мекемеден ырасташкандай, Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБдин) бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча иш-чаралыр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

 

Бажы кызматы дары кайсы өлкөдөн ташылып келгенин тактаган эмес.

 

«Түштүк-Батыш» бажысы Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш постторду карай турганы белгилүү.