Европалык бирикме кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышта жабыркагандарга 200 миң евро бөлүп берди

Европалык бирикме кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышта жабыркагандарга 200 миң евро бөлүп берди. Бул тууралуу Евробирикменин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Уюмдан белгилешкендей, ошондой эле Баткен облусунун тургундары үчүн “ден соолукту жана гигиенаны бекемдөө” боюнча иш-чаралар өткөрүлөт. Андан тышкары, муктаж жарандарга психологиялык колдоо көрсөтүлөт.