Кыргызстанда балдарды ротавирустан эмдөө жүргүзүлөт

Кыргызстанда балдарды ротавирустан эмдөө жүргүзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, инфекциядан вакцина Улуттук алдын алуу боюнча эмдөөлөр тизмесине кирген.

 

Ал ымыркайларга 2, 3,5 жана 5 айында жасалат. Ротавирус дүйнөдө жүзүндө кеңири тараган инфекциялардын бири, андыктан андан баш тартпоо сунушталат, — дешти ведомстводон.