Бишкекке жаңы автобустар жылдын биринчи кварталында жеткириле баштайт. Пландар тууралуу кененирээк “Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков айтып берет.
«Конкурс өтсө, биз ойлойбуз, биринчи автобустар 3-4 айдан кийин шаарга келип калат. 520 автобусту 5 лотко бөлүп атабыз. Ар кандай автобустар болот. 4 лот газ менен жүргөн автобустар. Дагы бир лот- 55 электробус ала турган оюбуз бар”
Ордо калаага 500 автобус сатып алууга тендер жакынкы күндөрү жарыяланат, учурда документтер, техникалык негиздемелер даярдалып жатат.