Ушул айдан баштап мугалимдердин алыгын эсептөө жаңы система аркылуу ишке ашат

Ушул айдан баштап билим берүү кызматкерлердин эмгек акысын эсептөө

автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат

кызматы билдирди. Жаңы система — эмгек акыны кол менен эсептөөнү токтотот,

бул процессти жеңилдетет, негизсиз маяна алып жүргөн учурларды ачыкка чыгарууга жана

бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле ар бир мугалим эмгегине жараша

айлык алат. Белгилеп кетсек, 2019-жылдын Ноябрь айынан баштап бул система

Ысык-Ата, Түп райондорунда жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү

башкармалыктарында жумушчу долбоордун негизде апробациядан өттү.