Жалал-Абадда IT-борбор пайда болот

Жалал-Абадда IT-борбор пайда болот. Мэриянын маалыматына караганда, үч кабаттуу имараттын курулушуна 64,5 миллион сом бөлүнгөн.

 

Каржылоо булагы мамлекеттик бюджет болуп саналат. Ишти ушул жылдын ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.

 

Белгиленгендей, IT-борбор инновациялык технологиялар боюнча алдыңкы мамлекеттик мекемелердин бири болот.