Россияда Мамлекеттик Думага шайлоо башталды

Россияда бүгүн 17-сентябрда Мамлекеттик Думанын, губернаторлордун, аймак жана шаар депутаттарынын шайлоосу башталууда. Добуш берүүнүн негизги күнү 19-сентябрда өтөт.

Шайлоо өнөктүгү өлкөдө коронавирус күчөп, айлык маянанын жетишсиздиги жана коррупция сыяктуу маселелер орчундуу болуп турган чакта өтүүдө.

Бир катар талапкерлерге, айрыкча оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтарына шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү берилген жок.

 

Буга ишмердүүлүгү экстремисттик деп таанылган уюмдар менен байланышы барларга талапкер болуп катталууга тыюу салган мыйзам негиз болду.

 

Алгачкы жолу парламенттик шайлоодо Москвада, аннексияланган Севастополь шаарында жана башка бир катар аймактарда “акылдуу добуш берүү” ыкмасы колдонулуп жатат. Бир нече күн мурда Навальныйдын тарапкердери бийликтеги “Единая Россия” партиясынын өкүлдөрүнөн озуп чыгууга көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар талапкерлерге добуш берүүгө үндөшкөн.