Кыргызстан жалпы жарандык паспортторду өзү чыгарып баштайт

Кыргызстан жалпы жарандык паспортторду өзү чыгарып баштайт. Бул тууралуу президент администрациясынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, документтерди тиешелүү талаптарга ылайык жана бардык коргоо элементтери менен чыгаруу үчүн “Учкун” мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынды. Бардык даярдык иштер көрүлүп, паспорт чыгаруу процесси жакында башталат.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан жыл сайын башка өлкөлөргө 1,5 миллион даана ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буйрутма кылып келген.