Кытайдан дагы беш студент Кыргызстанга келди

Кытайдан дагы беш студент Кыргызстанга келди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мекендештерде вирустун белгилери жок. Буга карабай, алар Москва райондук ооруканасына жаткырылды.

 

Алар толук медициналык кароодон өтүүгө тийиш. Болжол менен, студенттер 10 күн дарыгерлердин байкоосунда болот. Эске салсак, буга чейин Кытайдан   6 кыргызстандык студент келип, Ысык-Ата райондук ооруканасына жайгаштырылган.