Кызыл-Кыянын жашоочулары ооруканага тез жардам унаасын белек кылышты

Кызыл-Кыянын жашоочулары ооруканага тез жардам унаасын белек кылышты.

Анын баасы 11,5 миң долларды түздү. Каражат 20 күндүн аралыгында чогултулду.

Реанимациялык тез жардам унаасында ИВЛ аппарат, кычкылтек баллону жана

сүйрөмө орундук бар. Аймактагы учурда кызмат көрсөтүп жаткан тез жардам унаасынын

эскилиги жеткендиктен, бейтаптарды тейлөө үчүн керектүү жабдуулары жок болчу.