Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин абалы туруктуу.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабынын
жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирет. Анын айтымында,
3-апрелде вируска карата 9 дарыгерден анализ алынып, илдет аныкталды.
Бишкек жана Ошто бирден, 7өө Жалал – Абад облусунда. Учурда өлкө
боюнча 216 адам коронавируска кабылды. Ооругандар менен
2 миң 200 адам байланышта болгон.