Муниципалдык кызматкерлерге шайлоо процессине кийлигишүүгө тыюу салынат

Муниципалдык кызматкерлерге шайлоо процессине кийлигишүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эскертти. Анын айтымында, мындай бөгөт домком жана кварталдык кызматкерлерге дагы тиешелүү.

 

Эске салсак, кайра шайлоо ордо калаанын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда өтөт. Бул аймактарда 28-ноябрда өткөн добуш берүүдө “барына каршы” графасы алдыга чыгып кеткен.