Кыргызстанда ушул жекшемби, 10-апрелде кезектеги шайлоолор өтөт

Кыргызстанда ушул жекшемби, 10-апрелде кезектеги шайлоолор өтөт. Бул ирет 3 шаардык жана 13 айылдык кеңештеринде жергиликтүү кеңеш депутаттары шайланат.

 

БШК буга чейин добуш берүүгө укуктуу жарандардын тизмесин жарыялаган. Ага жалпысынан 157 миң 958 адам кирди. Добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү менен тизмелер 7-апрелге чейин 84 шайлоо тилкесинде илинет.

 

Эске салсак,  10-апрелде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарында жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо өтөт.