Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 194кө жетти

Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 194кө жетти. БШКдан эскертишкендей, талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн баштап, добуш берүүгө 45 күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.

 

Белгилеп кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

 

Анда 54 депутат партиялык тизме аркылуу тандалса, 36сы бир мандаттуу система боюнча шайланат.