Ош шаарындагы А. Навои атындагы сейил багында алгачкы шахмат залынын ачылышы болду.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ш ахмат залы инвестордун жардамы менен курулган.
Имарат 60 орунга ылайыкташып, жалпы аянты 180 чарчы метрди түзөт.
Анда бардык тиешелүү шарттар каралган.