Лионель Месси дүйнө чемпионатында кийген 6 футболка аукционго чыгарылды

Аргентина курамасынын форвард Лионель Месси дүйнө чемпионатында кийген 6 футболка аукционго чыгарылды. Уюштуруучулар аларды рекорддук суммага сатууну пландап жатат. Болжолдуу баасы – 10 миллион доллар.

 

Учурга карата аукциондо сатылган эң кымбат спорттук товар америкалык баскетболчу Майкл Джорданга таандык болчу. Анын оюн майкасы 10 миллион 91 миң долларга сатылган.