Баткен облусунда 36 үй-бүлөгө жаңы турак жайлардын ачкычы тапшырылды.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, кеп, чектеш
аймакта чыккан чыр-чатактан каза тапкандардын үй-бүлөлөрү тууралуу болуп жатат.
Жаңы үйлөр бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалды. Долбоорду
ишке ашырууга каражатты эки курулуш компания бөлүп берди.