Кыргызстанда мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен “Кыргыз индустрия” ачык акционердик коому түзүлдү. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, анын уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт.
Ишкана инвестицияларды тартууга, эл аралык корпорациялар менен кызматташууга, биргелешкен ишканаларды түзүүдө ыкчам чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.