Россиядан келген вакцина калктын айрым катмарына гана жеткиликтүү

17-июнда өлкөгө Россиянын «Cпутник V» вакцинасы алып келинди. Аталган вакцинаны 65 жаштан жогорку курактагылар, ошондой эле өнөкөт оорусу барлар гана ала алышат. Бул туурасында Ден соолукту чыңдоо борборунан кабарлашты.

Вакцина Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жеткиликтүү. COVID-19га каршы эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жана катталган жерине карабастан саат 8:00дөн 23:00гө чейин жүргүзүлөт.

Эмөө жайларынын даректери:

 

Бишкек шаары боюнча: №2, 3, 6, 7, 8 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда;
Чүй облусу боюнча: Кант, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорундагы Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда.

Эмдөө үчүн паспорт керектелет.